"Биздин ишмердүүлүгүбүздү тыя турган ал ким?!" Депутат Маматалиев агынан жарылды (видео)
Бүгүн, 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Анда эл өкүлү министр Гүлнара Батыровага кайрылып, орун басарына чара көрүлүшү керектигин айтты.
"Сиздин орун басарыңыз Базарбаев деген төраганын атына кат жиберип жатат. Силер мындай мыйзам жазбагыла деп. Ал үч депутатты атап айтып, анан кат жазып жатат. Болгондо дагы төраганын атына жазып жатат. Биринчиден төрагага жок дегенде министр өзү жазсын. Уят да эми, төрагабызды ушунчалык ылдыйга түшүрүү. Экинчиден биздин ишмердүүлүгүбүздү тыя турган ал ким!? Мен аны сөзсүз түрдө жоопко тартып, сөгүш бериш керек деп ойлойм. Бул кантип болсун. Конституцияда жазылган нерсени бизге айтып, силердин укугуңар жок деп жатат", - деди ал.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов парламенттин ыйгарым укуктарына аткаруу бийлиги, керек болсо президент дагы кийлигише албастыгын айтты.
"Катты мага берсеңиз. Мен азыр угуп жатам. Сөзсүз түрдө тиешелүү жетекчиликке айтып, чара кабыл алабыз", - деп кошумчалады.
Ал эми Гүлнара Баатырова кат жөнөтүлгөн учурда ал эмгек өргүүсүндө болгонун билдирип, чара көрүлөрүн айтты.
Жогорку Кеңеш 28.02.24
