super.kg logo

Ошто Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди   

 

Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушубак Шайиев, баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.

"Бакытбек Жетигенов аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы, ар бир аял күн сайын урмат-сыйга татыктуу экенин белгилеп, айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, шаардын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйлады",-деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, маданият башкармалыгынын, эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланып, 700дөн ашуун аялдарга белектер тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: