Бишкек-Алматы жолунда 40 чакырымга жеткен унаа тыгыны жаралды (видео)
10-мартта Бишкек-Алматы жолунда 40 чакырымга жеткен унаа тыгыны жаралып, айдоочулар түнү менен туруп калышты. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 12-март эртең менен саат 08:00гө карата трассадагы чоң тыгын жоюла элек. Кээ бир унаалар каршы тилкеге чыгып, муну менен абалды ого бетер курчутушууда.
Өз кезегинде Алматы полициясы Бишкек-Алматы унаа жолунда көп чакырымга созулган тыгындын себебин түшүндүрдү. Полициянын айтымында, тыгын оор жүк ташуучу унаанын бузулушунан улам келип чыккан.
"Алматы-Бишкек унаа жолунда шаарга кире бериште чоң тыгын пайда болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жүк ташуучу унаа жолдо бузулуп, жолду тосуп калгандыктан жол кыймылы кыйындаган", - деп айтылат маалыматта.
Кээ бир айдоочулар жол тыгынын айланып өтүүгө аракет кылышса, кээ бир унаалар жолдун четтерине тыгылышкан. Аларга куткаруучулар келди.
Бишкек-Алматы жолунда 40 чакырымга жеткен унаа тыгыны жаралды
