super.kg logo

"Дагы да колдооңуздарга муктажбыз". Ботулизм оорусуна чалдыккан 13 жаштагы Фатиманын апасы элден жардам сурайт (видео)

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну Саманта Назарова 13 жаштагы кызы Фатима Адылбекованын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн кайрымдуу элден жардам сурайт.

Саманта Назарованын айтымында, кызы буга чейин Орусия өлкөсүнөн реабилитациядан өтүп келген. Учурда Фатиманын ден соолугунда жылыштар бар.

Назарова кызы эртерээк бутка туруп кетиши үчүн үзгүлтүксүз реабилитациядан өтүп турушу керектигин айтат.

"Кызымды эңсеп жүргөн ооруканаларга көргөзө алдым. Мунун баары биздин элдин жардамы менен ишке ашты. Чоң рахмат. Баарына ыраазычылыгымды билдирем. Дарыгерлер кызым кайрадан калыбына келерине үмүт беришти. Кызымдын айыгып кетишине ишенем, биз бул үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Башка балдарымды, өзүмду унутуп, кызымды бутка тургузуунун аракетиндемин. Мен күчтүү болушум керек экен.

Күнүгө дарыгерлер үйрөткөн массажды кылам. Бирок бул аздык кылат экен. Колу-буттары кыйшайып кетип жатат. Ошондуктан Орусия мамлекетинен кайрадан реабилитациядан өтсөкпү дегенбиз. Буга чейин барганбыз. Мындан улам Фатимада жылыштар бар. Мурда кызым эч нерсе сезчү эмес. Биринчи операциясынан кийин колдорун кыймылдатып калды. Мунун баары реабилитациянын жардамы менен болуп жатат. Ошондуктан үзгүлтүксүз реабилитациядан өтүп турушубуз керек.

Биз дагы да сиздердин колдооңуздарга муктажбыз. Экинчи реабилитациябызга жардам бериңиздер. Кызым эртерээк бутуна туруп кетишин каалайт элем", - дейт Фатиманын апасы.

Эске салсак, Фатима Адылбекова былтыр 19-февралда тамактан ууланып, ооруканага түшкөн. Ага дарыгерлер ботулизм диагнозун коюшкан.

Жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү реквизиттерге акча каражатын которсо болот:

+996 501 42 09 78 Мбанк, Элсом;

+79537657041 Сбербанк.






"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо

Ботулизм оорусуна чалдыккан 13 жаштагы Фатиманын апасы элден жардам сурайт 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: