Ысык-Көлдө "Даймонт Резорт" пансионатынын жетекчисине 200 миң сом айып салынды



Ысык-Көлдө "Даймонт Резорт" пансионатынын жетекчисине 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл региондук архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгы тарабынан Бостери айылында жайгашкан "Даймонт Резорт" пансионатындагы коттедждердин курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында котедждердин долбоордук иш кагаздары толук даярдалбагандыгы аныкталган.
Мындан улам "Даймонт Резорт" пансионатынын жетекчиси Э. Нургазиевге "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары курулушту токтотууга жана иш кагаздарын толуктоого эскертме жазуу берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.