super.kg logo

Акыйкатчы институту Сокулукта жашы жете элек эки кыздын боюнда бар экенин маалымдады

 

Чүйдүн Сокулук районунда жашы жете элек эки кыздын боюна бүткөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Акыйкатчы институтунан билдирди.

Маалыматка караганда, алардын биринин ата-энеси миграцияда болгондуктан таенеси менен жашайт.

Экинчи өспүрүм кыз аны менен жыныстык катнашта болгон жигитке турмушка чыккан. Ал жигит колдон-колго өтүп зордукталды делген 13 жашар кызды зордуктаган 9 баланын бири экендиги айтылат.

Кыздардын учурдагы абалы боюнча маалымат жок.

Белгилей кетсек, бүгүн Акыйкатчы институту Сокулукта 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөнүн маалымдады.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокурор жана ИИМ жетекчилигинен тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Буга улай эле Чүй облустук милициясы бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: