“Невроз оорусу жаштар арасында көбөйдү” дейт невролог Темирбек Бекбоев
SUPER.KG порталынын бул жолку чыгарылышында врач невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев болду. Ал учурда көбөйүп бараткан невроз оорусу, анын пайда болуусу, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу маек курду.
Дарыгердин айтымында, адамдын жан дүйнөсүндө жылдап топтолгон таарынычтардын, капачылыктардын натыйжасында мээ чарчап невроз оорусу пайда болот.
“Невроз - бул нервтин чарчашы. Ал адамдар арасындагы мамиленин келишпестигинен, жакын адамын жоготкондо же кандайдыр бир коркунуч болгондо жана жумушта кыйынчылык болгондо келип чыгат. Эми азыркы тапта турмуш өзү нервти чарчатып атат. Бул ооруга көбүнчөсү жаштар жана 30 менен 40тын ортосундагы адамдар кабылып атат. Булар жашоосун талдап, үй бүлө күтүп калган курактагылар да. Үй бүлө күткөндүн биринчи жылы кыйын, пикир келишпестиктен ажырашуу, бирин-бири алдоо болот. Албетте, мунун бары жан дүйнөгө доо кетирет. Ал кыйналса невроз оорусу пайда болот.
Эми азыр жаштар арасында көбөйүп жаткандын себеби, азыр алар бат өнүгүп, бат байыгысы келет. Бул үчүн ар такмактан изденип нервин чыңалтышат. Эс алуу эрежесин сакташпайт. Компьютер, телефонду көп колдонуп, интернет көрүп атат. Негизи маалыматты аз алыш керек. Негативдүү маалыматтар өтө терс таасир берет. Мээ ойлордон, турмуштун капачылыктарынан чарчайт, аны эс алдыруу керек", - дейт Темирбек Бекбоев.
Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.
