super.kg logo

ТИМ "Крокустагы" терактта каза болду делген 22 жаштагы кыргызстандык тирүү экенин маалымдады

 
Бүгүн, 24-мартта өлкөнүн Орусиядагы элчилиги “Крокус Сити Холлдогу” терактта каза болду делген кыргызстандык Шерзодбек Тургунбаев тирүү экенин билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, элчиликтин кызматкерлери учурда анын жайгашкан жерин тактап жатат.

"Шерзодбек Тургунбаев тууралуу маалымат келери менен элчилик анын туугандары менен байланышты. Алар аны менен акыркы жылдары кат-кабар алышпаган. "Крокуста" 22-мартта иштеген кыргызстандыктардан алынган маалымат боюнча Тургунбаев кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтарга караганда, ал тирүү. Учурда элчилик анын кай жерде экенин тактоодо. Мындан тышкары кандуу окуядан кийин дайыны билинбей жаткан эки кыргызстандык кызды издөө иштери да жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда 22 жаштагы Шерзодбек Тургунбаев кандуу окуяда каза болгону тууралуу кабар тараган.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде куралчан белгисиз адамдар Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында адамдарга кол салышкан. Ошондой эле имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан.

Кол салууда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти. Арасында жаш балдар да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: