Бишкекте милиция эл көп барган коомдук жайларды коопсуздукту күчөтүүгө чакырды









Бүгүн, 24-мартта Бишкекте ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев соода борборлорунун жана оюн-зоок комплекстеринин администраторлору, ээлери жана жеке күзөт ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө учурдун маанилүү маселелеринин бири террорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды.
Нурбек Абдиев жакынкы чет өлкөдө болуп өткөн окуяларды, Москвадагы Крокус сити-холл концерт залындагы кол салууну жана анын каргашалуу кесепеттерин эске салып, соода борборлорунда, мекемелерде жана уюмдарда кылмыштар менен зомбулук актыларын болтурбоо үчүн бир катар иш-чараларды аткарууну сунуштады.
Ага ылайык, объектилердин аймагына кирүү жана чыгуу режимин күчөтүү, видеобайкоо тутумдарын, аудио, видео жазууларды орнотуу. Жайларды жана тегерек четтерди күнүмдүк кароо, шектүү буюмдарды өз убагында аныктоо, кооптуу заттардын топтолгон жерлерин текшерүү, коопсуздук кызматкерлерин кылдат тандоо, кампаларда тез-тезден комиссиялык текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө жагдайларда иш-аракеттер боюнча тескемелерди жана практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүү, жайларды ижарага алуу жөнүндө келишимдерди түзүүдө зарыл болсо, администрацияга ижарага алынган жайларды текшерүү укугун берген пункттарды киргизүү милдеттүү.
Жолугушуунун аягында укук коргоо органдары катышуучуларды сак болууга жана жарандардын коопсуздугун биргелешип камсыз кылууга чакырды.
