Нурланбек Шакиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторун кабыл алды
Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болду.
"Айрыкча аталган уюм тарабынан Кыргызстанга көптөгөн жардамдар көрсөтүлүп, социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып келет. Андыктан, калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, мындан ары да жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз", – деген Шакиев.
Ошондой эле 2023-2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн белгиленген иш пландарды Кыргызстан ийгиликтүү ишке ашырып жатканын айтты.
«Кыргызстан БУУга мүчө болгон 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу прогресске жетишүүдө. 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүгө умтулабыз. Бул багытта мамлекет башчыбыз да олуттуу тапшырмаларды коюп, парламент дагы алгылыктуу иштерди алып барууда», – деп кошумчалады ал.
Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве өзү жетектеген өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү жана жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле Бириккен Улуттар уюму туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган Кыргызстандын аракетине жогору баасын берип жатканын айткан Антье Граве аталган багытта мындан ары да тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
Андан сырткары, алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда Жогорку Кеңештин ролу чоң экенин белгилеп, биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.
