super.kg logo

Бети-башы баткак болгон чабандес эсиңиздеби? Ага аргымак мингизилди (фото)

 

Буга чейин социалдык тармактарда бети-башы баткак болгон чабандестин видеосу тарап, көпчүлүктүн маанайын көтөргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары видео Жалал-Абад облусунда Нооруз майрамында тартылганын, бети-башы баткак болгон бала биринчи келгенин жазышкан.

Бүгүн, 25-мартта Бишкекте жеке ишкер Бакай Өмүралиев жогорудагы чабандести таап, ага аргымак мингизди. Чабандес 16 жаштагы Курманбек Эсенбаев аттуу жигит.

Бакай Өмүралиев чабандеске аргымакты "мотивация" болсун деп мингизгенин, жигиттин баткак болгонуна карабай биринчи келгенин баса белгиледи.

"Курманбекти социалдык тармактан көрүп калдым. Биз деле айылда өскөнбүз, Курманбек ошол видеосу менен бизге сонун маанай тартуулады. Анан бул жигитти издеп жатып таап, Камбар атанын тукумунан деп аргымак мингизүүнү туура көрдүм", - деди Бакай Өмүралиев.

Ошондой эле ал чабандеске чепкен жаап, калпак кийгизди.

Өз кезегинде Курманбек Эсенбаев жеке ишкерге жана кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында видео көк бөрү оюнунда эмес, ат чабыш учурунда тартылган. Ал эч кандай жыгылбаганын, ат чаап гана баткак болгонун кошумчалады.

"Бакай байкеге, кыргызстандыктарга мени колдоп койгону үчүн ыраазычылык билдирем. Мындай белекти биринчи жолу алып жатам, бардыгыңыздарга ырахмат", - деди ал.

Ал аргымакты атасы менен келип алып кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: