super.kg logo

Кыргызстандыктарга Орусияга барбай туруу сунушталды

 

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Министрлик учурда Орусиянын бардык аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн эске салып, суроолор жаралса өлкөнүн Москвадагы элчилиги менен +7 925 115 50 47, же консулдук бөлүм менен +996 999 312 002 номери аркылуу күнү-түнү байланышса болорун кошумчалады.

Мындан тышкары азыркы тапта Орусияда жүргөн мекендештерге эл көп чогулган жерлерге барбай туруу, жанына ар дайым өздүгүн тастыктаган жана Орусия аймагына кирүүгө алынган уруксат кагаздарын алып жүрүү ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: