super.kg logo

Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод курулууда

 

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунайды кайра иштетүүчү ири завод курулууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалым болгондой, 2021-жылы башталган ишкана, быйыл июнь айынын аягына пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Толук кандуу ишке кирген учурда 500 адам жумуш менен камсыз болот. Завод күнүнө 500 тонна нефтини кайра иштетүүгө ылайыкташкан.

Өнөр жай ишканасынын курулушунан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алып, инвесторлор менен жолукту.

"Кыргыз-Түрк биргелешкен ишканасы пайдаланууга берилсе, өлкөнүн түштүгүндөгү муктаждыкты канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, жогорку кирешелүү ишкана болот. Заводдун продукциясынын ассортименти: АИ-92, АИ-95 бензини, дизелдик отун, битум, газ, автоунаа жана башка техникаларга пайдаланылуучу суюк майлар. Заводго нефти Бүргөндү аймагынан, Кыргызтранснефтегаз ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизде ташылып келинет" деп жазылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Ишкананын башкы директору Чыңгызбек Тешебаевдин айтымында ири ишкананын сметалык баасы, биринчи этабы 12 миллион долларды, экинчи этабы 27 миллион долларды түзөт. Ал эми ишкананын өнөктөшү К-Нефть кампаниясынын мунайды казуучу ишканасынын курулуш баасы 80 миллион доллар.

Облус башчысы "ишкана пайдаланууга берилсе жүздөгөн жумуш орундары түзүлөөрүн, мунай продукцияларын сырттан ташыбай, өзүбүздө өндүрүлүшү, жергиликтүү калкка арзан баадагы мунай продукцияларын алуусуна шарт түзүлөөрүн белгилеп, бул иш аракет аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшырышына зор өбөлгө болот" деген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: