super.kg logo

Бишкектеги катуу шамалдын кесепетинен кызматтарга бир канча тапшырмалар берилди

 

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев төрт райондун акимдери жана кызматтардын жетекчилери менен катуу шамалдан жабыркаган объектилерди жана аймактарды кыдырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жеринде шаардык кызматтарга кесепеттерди эртең мененкиге чейин тез арада жоюу тапшырмасы берилди.

Ага ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун штаттык режимде иштешин камсыздоо милдети тапшырылды.

Ал эми “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы тез аранын ичинде бардык үзүлгөн зымдарды калыбына келтирүүсү керек.

"Бишкекжашылкурулуш" ишканасы таң аткыча борбор калаанын жолдорундагы бардык кулаган бак-дарактарды жана бутактарды алып тазалайт.

“Тазалык” ишканасына катуу шамалдан кийин тазалоо талап кылынган аймактарда көчөлөрдү жууп, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле социалдык объекттердин чатырларынын жабыркап кетүүсүнүн себептерин аныктоо тапшырмасы берилди. Мурда чатырын оңдоо иштери жүргүзүлгөн бардык объекттерге талдоо жүргүзүлөт.

Эске салсак, кечээ, 28-мартта өлкө аймагында орун алган катуу шамалдын кесепетинен 154 объект зыянга учураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: