super.kg logo

Тоодо адашып калышкан. Чүйдө куткаруучулар орусиялык туристтерге жардам көрсөттү

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Аламүдүн районунун 4 куткаруучусу бүгүн таңкы саат 5:30да орусиялык туристтерди аман-эсен тоодон түшүрүшкөнүн кабарлады.

Маалымдалгандай, билдирүү түшкөн соң куткаруучулар “Ала-Арчадагы” Адыгене капчыгайына 28-мартта саат 21:55те жол көрсөтө турган 2 ыктыярчы менен биргеликте издөөгө чыгышкан.

Издеп-куткарууга жооптуу офицер Нургазы Орозовдун айтымында, капчыгайда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан туристтер тоо боорундагы жалгыз аяк жолду таппай, адашып калышкан.

“Алардын түн ичинде белги бере турган буюмдары да жок экен. Капчыгайды өрдөй издеп, эч кимди тапкан жокпуз. Тоонун экинчи тарабы менен издеп келе жатып, болжол менен түнкү саат 3тө сүйлөшкөн үндөрдү уктук. Көрсө жеңил кийинип чыккан балдары тоңуп, аларды сооротуп жатыптыр”, – дейт Нургазы.

Куткаруучунун айтымында, үшүп калган баласына медициналык алгачкы жардамын көрсөтүп, өздөрүнүн кийими менен жылуулап, тоодон айрым учурда баласын көтөрүп, аман-эсен алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, Орусиянын жараны 49 жашта, анын кызы 19да, ал эми уулу 10 жашта экени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: