super.kg logo

Камчыбек Ташиев "Крокустагы" кол салууга байланыштуу пикирин билдирди

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москва шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде болгон террордук акты боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-мартта Фейбуктагы баракчасына жазды.

Анда УКМК башчысы каргашалуу окуяга Кыргызстан да кайгырып жатканын айтып, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир улутту күнөөлөө туура эмес экенин белгилеген.

"Террорчулардын улуту болбойт. Орусияда мигранттарга каршы иш жүргүзүүгө жана улуттар аралык кастыкты козутууга кызыкдар террорчуларды ээрчип, болгон окуя үчүн бүтүндөй бир элди күнөөлөө туура эмес. Тажикстандын атайын кызматы терроризм менен экстремизге каршы кынтыксыз күрөшүп жатканын белгилеп кетейин. Азгыргандардын кылтагына бардык эле өлкөнүн жарандары кабылып калышы ыктымал. Теракт уюштурууга буйрутма бергендер бир өлкөнүн жарандарын жөн жерден тандап алган жок. Достук мамиледеги өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын биргелешкен аракеттери “псевдоисламчылардын” кылмыштуу ниетинин ишке ашуусуна жол бербейт деп ишенем", - деп жазды Ташиев.

Эске салсак, 22-мартта Crocus City Hall имаратындагы куралдуу кол салууда 140тан ашуун адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: