super.kg logo

Садыр Жапаров Бишкектеги автобустарды оңдоочу борборго күтүүсүз барды (видео)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда мамлекет башчысы техникалык кызматкерлердин иштөө шарттары, ошондой эле унааларды каттамга чыгууга даярдоонун жүрүшү менен таанышты.

Кыдыруу учурунда мамлекет башчысы Бишкекте коомдук унаалардын иштөөсү кыйла жакшырганын, жыл сайын муниципалдык автобустардын саны көбөйүп, накталай эмес төлөм тутуму киргизилгенин белгиледи.

"Буга байланыштуу Садыр Жапаров жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн унаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды" деди президенттин басма сөз катчысы.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Бишкек ЖЭБине да пландан тышкары барды.

"Президент ушул жылдын 2-февралында түзүлгөн штаттан тышкаркы кырдаалдан кийин жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, Бишкек ЖЭБиндеги бардык пландаштырылган иш-чараларды белгиленген мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды берди" деп жазды Алагөзов.






30.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: