super.kg logo

Энергетика министринин орун басары 25 майнинг ферма каттоодон өткөнүн ачыктады (видео)

 

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, 25 майнинг ферма каттоодон өткөн.

"8и азыркыга чейин чакан ГЭСтерден өздөрүнүн түзгөн келишиминин негизинде алат экен. Биздин түздөн-түз алар менен түзгөн бир дагы келишимибиз жок. Кеминдеги "Соларкоин" деген майнинг ферма бул Казакстан аркылуу Орусиядан электр энергиясын алып иштетет", - деди ал.

Эске салсак, былтыр өлкө башчы Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭСинин ичине 30 мегаватка чейинки майнинг ферма койгонго уруксат берилгенин, аны инвестор саларын билдирген болчу.

Ал эми буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев 6-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө бир эле майнинг ферма иштегендигин, ал дагы электр энергиясын Казакстандан алып жатканын айткан. Бирок кийинчерээк коңшу мамлекеттин Энергетика министрлиги бул маалыматты четке каккан.






Жогорку Кеңеш 02.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: