Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Бишкекте муниципалдык ишканалардын жетекчилери алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Уран Мусаев Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорлугуна которулду.
Ал эми Бакытберди Бекбоев "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.