super.kg logo

Кесиптик лицейлердин директорлук орундарына сынак жарыяланды. Талаптар

 

Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик лицейлердин жана колледждин директорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланганын билдирди.

Маалым болгондой, ачык сынак 20 кесиптик лицейдин жана колледждин директорунун бош кызмат ордуна жарыяланган.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

1. жогорку кесиптик билиминин болушу;
2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Арыз;
2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
3. Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы;
10. Дело №.

Министрлик документтер 3-апрелден баштап 16-апрель саат 18:00гө чейин кабыл алынарын эскертет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: