super.kg logo

Сокулукта камерада асынып алган шектүү боюнча жаңы жагдайлар айтылды

 

2-апрелде ИИМ Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайдын камерасында асынып алганын маалымдаган. 3-апрелде Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аталган жайга барып, маркумдун сөөгү табылган жайды карап чыгышты.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында каза болгон жарандын камерасында белгиленген эреже боюнча коюлуучу видео байкоо болгон эмес.

"Аталган убактылуу кармоочу жайдын башка камераларында видео байкоо болгон. Милиция институттун кызматкерлерине каза болгон жаран убактылуу кармоочу жайында эмне себептен кармалып турганын айтышкан" дешти билдиришти мекемеден.

Милициянын маалыматына ылайык, УКЖда кармалып тургандар, анын ичинде У.Б. дагы 2024-жылдын 1-апрелинде РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак. Бирок, анын аты-жөнүн тактаган документтери жок болгондуктан, №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон.

РИИБинин маалыматты боюнча бул системалык көйгөй. Б.У. башка кармалып турган жарандар менен бирге РИИБинин убактылуу кармоочу жайына кайтарылган. Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.

Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырат. Ошондой эле ал убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын бузулушуна жол берген кызматкерлерге чара көрүү зарылдыгын белгилеген.

“Убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү жана контролду камсыздоо мамлекеттик бийлик органдарынын негизги функцияларынын бири болуп саналат” деп деген акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: