super.kg logo

Камчыбек Ташиев Бейшеналиев боюнча үн катты

 

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата айткан маалыматтарын парламентте түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгына жараша текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-апрелде Бишкектеги Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадиондун аймагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Депутаттык комиссия корутунду берет, менимче тез арада жыйынтык чыгарышат. Анын жыйынтыгында эгер кайсы бир факты аныкталса, кылмыш ишин козгоп жоопкерчиликке тартабыз" деди Ташиев.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

Андан соң министр депутатты сотко берген. Бул кадамга баруусуна Коргонбай уулу анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени себеп болгонун билдирген.

3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Жусупбек Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптап, анын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында депутаттык комиссия да түзүлгөн.

Кечээ, 4-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ортосундагы пикир келишпестиктерге токтолгон.






05.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: