Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден сооолук күнүнө карата чуркоо иш-чарасы башталды (видео)














Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Ден соолугум - менин укугум” аталышындагы массалык чуркоо иш-чарасы башталууда.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, өлкөдөгү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Ливиу Ведраско жана өлкөнүн алдыңкы спортчулару Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, ошондой эле медицина кызматкерлери катышып жатат.
Чуркоо “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинен старт алып, анын аралыгы 1 километр 500 метрди түзөт. Марафонго миңдей адам катышууда.
Чуркоо алдында катышуучуларга концерттик программа тартууланды.
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден сооолук күнүнө карата чуркоо иш-чарасы башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.