Орунбеков борбордук аянттагы флагштоктун жер төлөөсү оңдоодон өтөрүн билдирди







Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтындагы флагштоктун жер төлөөсү оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, жер төлөө 26 жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес.
"Бишкектин борборундагы флагштоктун жер төлөөсү ушундай абалга жетиптир. 1998-жылдан бери бир дагы жолу каралган эмес, астынан суу кирип, флагшток кулап калуу абалга жетип калыптыр. Учурда калыбына келтирүү жумуштары башталды. Быйыл Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата толук оңдолуп, 100 метрге бийиктелет", - деп жазды Орунбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.