super.kg logo

Кайсы облуста кандай мөмө-жемиштер кирешелүү? Министрликтин сунуштамасы 

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аймактарда мөмө-жемиштердин кайсы түрлөрүн өстүрүү кирешелүү экенин сунуштады.

Министрлик Кыргызстанда багбанчылыкка көп жылдар бою көңүл бөлүнбөй бак-дарактар, жемиштер эски технология менен өстүрүлүп келгенин эске салды.

"Ургалдуу багбанчылык азыркы учурда дүйнө жүзүндө өтө тез өнүгүп жаткан айыл чарба багыты экендигин жана өлкөнүн экономикасына зор салым кошо аларын белгилейбиз.

Кунарлуулугу төмөн жайыттарды көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланууга берүү мыйзамынын негизинде 614 миң гектар жер аянтын дыйкандар көп жылдык ижарага алып мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Өзүбүздөн отургузуучу материал өндүрүлмөйүн ургалдуу багбанчылыкты өлкө аймагында өнүктүрүү мүмкүн эместигин эске алып, бул багыттагы иштер иретке салынууда" деп жазылат маалыматта.

Министрликтин сунуштамасы төмөндөгүдөй болду:

Баткен облусу

Баткен районунун климаттык кыртыштык шарттары бардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинде өзгөчө жүзүмдүн ашкана жана техникалык сортторун, Кадамжай районунда алча жана гилас, Баткен районунда өрүк, Лейлек районунда өрүк өстүрүү сунушталат.

Жалал-Абад облусу

Тоо этектериндеги райондордо көп жылдык мөмөлүү дарак өсүмдүктөрүн Сузак районунда жүзүм, Аксы районунда кайналынын, Чаткал районунда чычырканак, карагат, ит мурундун аянтын көбөйтүү сунушталат.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл жана Тоң райондору мөмөлүү дарактарды, анын ичинен гилас, өрүк, шабдалы, алма өстүрүүгө, Жети-Өгүз району жана Ысык-Көл облусунун түндүк тарабы малина жана карагат өстүрүүгө адистешкен. Кулпунай өстүрүү бардык райондордо мүмкүн.

Нарын облусу

Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунда алма, алмурут, өрүк, карагат, барбарис, карагат, дан куурай, кулпунай жана чычырканактын тикенексиз сортторун өстүрүүгө мүмкүн.

Ош облусу

Ош облусунун негизги адистештирүүсү дан эгиндери, жашылча, бахча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш жана техникалык өсүмдүктөр болуп эсептелинет. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн бардык түрүн Кара-Суу, Араван жана Ноокат райондорунда өстүрүү сунушталат.

Талас облусу

Талас өрөөнүнүн кыртыш-климаттык шарттары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, анын ичинен алма, алмурут, кайналы жана жемиш өсүмдүктөрүнүн бардык түрүн өстүрүүгө ылайыктуу.

Чүй облусу

Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүүгө байланыштуу тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу менен көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн - алма, алмурут, жүзүм жана жемиш өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2025. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ургалдуу дегенди кандай түшүнсө болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: