Аймактарда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого 350 миңдей жаран катталганы айтылды

Маалыматка караганда, шайлоочулар 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен tizme.gov.kg сайтынан же шайлоо участогунда өзүн бар жогун тактаса болот.
БШК жарыялаган тизмеге ылайык:
№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 112 миң 495;
№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 125 миң 344;
№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 111 миң 995 адам добуш берет.
Баткен, Ош жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 35 талапкер катталган.
№2 Баткен шайлоо округунан 10 талапкер, 14 талапкер №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан жана 11 талапкер №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан катталды. Ош шайлоо аймагынан койгон талапкерлердин ичинде бир аял бар.
Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 28-апрелинде өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.