"Бири жолдун ортосуна заара ушатып". Бишкекте мас абалында жол жамаган жумушчулар кармалды (видео)
Бишкекте жумуш учурунда спирт ичимдигин ичкен "Бишкекасфальтсервис" мекемесинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, коомдук тартипти бузган мекеменин 5 кызматкери кармалып, тийиштүү чаралар көрүлгөн. Жолдун ортосуна заара ушаткан М.М. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде айып тагылып, 3 суткага камакка алынган.
Социалдык тармактарга жол оңдоо ишинде кызматкерлер мас абалында жүргөн видео менен президенттин кеңешчиси Болот Ибраимов бөлүшкөн болчу.
16.04.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.