super.kg logo

Транспорт министрлиги акы алына турчу жолдорду атады

 

Бүгүн, 16-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков салыктын ордуна акы төлөнө турчу жолдорду салууну сунуштады.

Буга транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев Өзгөндөгү салынып жаткан айланма жол бүтсө акы төлөнө турчу жол болорун айтып жооп берди.

"Ишкерлер өздөрүнүн акчасына куруп жатышат. Бул жол бүткөндөн кийин акы төлөнүүчү жол болот. Мындан сырткары бизде долбоорлор бар. Азыркы мезгилде биз инвесторлор менен иштешип жатабыз. Сокулук - Белогорка (Бишкек - ​​Жалал-Абад каттамынын бир бөлүгү), Оштун айланма жолдору боюнча дагы иштер жүрүп жатат. Бул жолдор салынгандан кийин акы төлөнүүчү жолго кирет", - деди ал.

Эл өкүлү "акы алынуучу канча жол болот?" деген тактоо суроосун узатты.

"Учурда 5 жолду караштырып жатабыз. Бирөөсү Алматы - Чолпон-Ата жолу каралып жатат. Экинчи "Дордой" базарынын жанындагы айланма жолдун бир бөлүгү жана Сокулук-Белогорка боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары Таласта 2 долбоорубуз бар", - деди Бариев.

Ошондой эле Транспорт министрлигинин өкүлү түндүк-түштүк альтернативдик жолу толук бүткөрүлгөндөн кийин акы алынуучу жол болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 16.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: