super.kg logo

Мажитова балдарга зомбулук көрсөткөндөргө Казакстандагыдай мыйзам кабыл алуу керектигин айтты

 

Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова өспүрүмдөргө зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарга карата эң жогорку жаза киргизүүнү сунуштады.

Ал өлкөдө мындай фактылар көбөйүп жатканын белгилеп, Кара-Сууда 5 жашар кыздын зордукталышын эске салды.

"Кара-Сууда 5 жашар кызды таң эрте үйүнөн бир адам уурдап чыгып, зордуктаган. Учурда бир туугандары, жакындары топтолуп, укук коргоо органдарына келишти. Алар шектүү адам жазаланбай калат деп чочулап жатышат", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал Казакстандагыдай мыйзам кабыл алуу керектигин айтты.

"Казакстанда мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев аялы Салтанат Нукенованы сабап өлтүргөнү боюнча бир айдан бери ачык сот болуп жатат. Ошонун негизинде "Салтанат мыйзамы" деген мыйзамды кабыл алышты. Мында колу тийсе дагы, кичине көк ала болсо дагы кылмыш жазасы киргизилип жатат. Биз дагы ушундай мыйзамды киргизбесек барган сайын зордук-зомбулук күчөп баратат", - деди ал.

Мажитова аялдар арасында өз жанын кыйган учурлар да көбөйүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-апрелде үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрү үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, үй-бүлө институтун чыңдоо жана жашы жете электердин коопсуздугун камсыздоо боюнча нормалар киргизилди.






Жогорку Кеңеш 17.04.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: