super.kg logo

Манасчы Рысбай Исаков Кыргыз Эл артисти наамын алды (видео)

 

Манасчы Рысбай Исаковго Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылды. Ал сыйлыкты бүгүн, 18-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземинде алды.

Бүгүн, 18-апрель күнү Бишкекте Кыргыз улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземи өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана жалпы коомчулук катышууда.

Эске салсак, 2022-жылы Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас" жумалына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.

Имарат 305 орундуу жана анын ичинде 16 бөлмө бар. Курулуш иштери 2022-жылы башталган.






Рысбай Исаков "Кыргыз эл артисти" наамын алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: