Акыйкатчы мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоону талап кылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды аскер кызматкерлеринин укуктарын камсыздоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, акыйкатчы аскерге чакырылган катардагы жоокерлердин жана офицерлердин укуктарынын коргоо маселеси курч бойдон калып жаткандыгын жана алардын укуктарын камсыздоо жана ден соолугун сактоо үчүн тез арада чара көрүүлүүсү талап кылынарын айтты.
Ошондой эле ал тиешелүү мамлекеттик органдардан аскерге чакырылган жоокерлердин укуктарын так сактоону талап кылды.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Коргоо министрлиги менен биргеликте Аскердик госпиталда мониторинг жүргүзүштү. Мындай аракеттер аскердеги жоокерлердин зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында жүргүзүлдү.
Аскер госпиталынын каттоо журналынын маалыматы боюнча ушул жылдын 1-январынан 26-мартына чейин 607 жаран кайрылган, алардын 139 катардагы жоокерлер.
Ал эми 2023-жылы аскер госпиталына жалпы 2 миң 160 аскер кызматкери кайрылышкан, анын ичинен 663 катардагы жоокерлер.
2023-жылы аскерлердин ден соолугун текшерүү учурунда 37 жоокерден бөйрөк оорусунун жетишсиздиги, ал эми ушул жылдын биринчи кварталында 21 аскерден жогордогудай оору аныкталган.
2023-жылы 87 аскерден варикоцеле оорусу табылса, ушул жылдын биринчи кварталында 42 аскерден аныкталды.
Мониторинг учурунда аскерге чакырылган жоокерлердин медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон.
Мындан сырткары, аскер кызматы учурунда госпиталга ар кандай жаракаттар менен жиберилет.
Уставга ылайык, мындай учурда тиешелүү кызматтарга, анын ичинде аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилет.
"Ушул жылдын январь-март айларында Аскер прокуратурасына жогорудагыдай 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 10 жоокер 73809 аскер бөлүгүнөн.
Акыйкатчы институту Аскер прокуратурасына кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алган жоокерлердин укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу расмий суроо-талап жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.
Кабарлангандай, ушул жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 аскер кызматкери кайрылган.
Аскер прокуратурасы 9 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартса, 6 факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүү жана аскер бөлүктөрүнүн командирлерине маалымдоо жиберүү чечими кабыл алынган.
Алсак, 15 аскер кызматкери кабыргалары сынган, буттары, колдору ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Ал эми эки жоокер ийне жутуп алгандыгына байланыштуу аскердик госпиталга түшкөн.
Акыйкатчы өлкөнүн аймагында жайгашкан аскердик башкаруу органдарынын, аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, аскердик окуу жайлардын, жана башка аскердик мекемелердин түзүлүштөрдүн мыйзам актыларын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылууну аскер прокуратурасынан талап кылат.
