Чүйдө суу каптаган аймактар куткаруучулар тарабынан тазаланууда






Кечээ, 12-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Чүй облусунун Жайыл жана Москва райондорундагы үйлөрдүн короосун жана жолдорду суу каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, Кара-Балтанын Карл Маркс, Ленин, Садовой көчөлөрүндө 11 үйдүн, Алексеевка айылынын Кавказ көчөсүндө 15 үйдүн жана Владимиров, Мичурин көчөлөрүн суу каптоо коркунучу жаралган.
Ага ылайык, ӨКМден 29 куткаруучу жана атайын техника тартылып, короодогу каптаган суу мотопомпа менен арыктарга сордурулуп, нугун бурган.
"Ошондой эле Москва районунун Петровка айылында Новая көчөсүндө 2 турак үйдүн жана Кош-Дөбө айылында Школьный, Самсалиев көчөлөрүндө жайгашкан 4 турак жайдын короосун суу каптаган.
Ага байланыштуу жерине Москва райондук ӨКБдан ыкчам топ жана атайын техника тартылып, сел коркунучу жоюлган", - деп айтылат маалыматта.
