Өлкөдө Транспорт министрлиги тарабынан бир нече жолдор оңдолууда








“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жол тейлөө мекемелери тарабынан өлкө аймагындагы бир нече жолдор оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан билдирди.
Ага ылайык, аткарылып жаткан жумуштардын түрмөгү:
№47 ЖТИ: Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерди жаңылоо, көпүрөлөр менен жол четиндеги тосмолорду актоо иштери жүрүүдө.
№41 ЖТИ: Каратал-Жапырык унаа жолунун 8-9-чакырымдар аралыгындагы суу жеп кеткен жерлер калыбына келтирилип, Бишкек -Нарын-Торугарт унаа жолунун (275-290-чакырымдар аралыгы) жээги тазаланып, акталды.
№9 ЖТИ: Бишкек-Ош унаа жолунун 155-чакырымында жаралган аң-чөнөктөр толтурулуп, 132-135 жана 206-209-чакырымдар аралыгында тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды.
№26 ЖТИ: Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда эски асфальтты сыйруу, 86-89-чакырымдар аралыгында тегиздөө жумуштары жүрүүдө.
№959 ЖТИ: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел калдыктарын тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылды. Аны менен катар жолчулар тарабынан Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунда аң-чөнөктөрдү кесип даярдоо иштери жүрдү.
Ал эми №48 ЖТИ тарабынан Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолунун 25,4-26,3-чакырымдар аралыгында жолдун негизин тегиздөө иштери жүрүүдө.
