super.kg logo

Ош мэриясы аарылардын массалык ууланышы боюнча видеого түшүндүрмө берди

 
Ош шаардык мэриясы калаанын аймагында аарылар ууланып жатат деген видео боюнча түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын аймагында аарылардын ууланып жатканы боюнча видео социалдык тармактарда жарыяланган.
Мындан улам Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору видеодо кайрылуу жасаган жарандын дарегин аныктап, изилдөө иштерин жүргүзгөн.
"Багбандар бир жума мурун короосундагы дарактарды дарылаган. Андан кийин бал челектериндеги аарылары 90 пайызы кырылып калгандыгы аныкталган. Ал эми жалпы Ош шаарынын аймагында массалык аарылардын уулануусу жок.
Тиешелүү кызмат ичүүчү суудан жана ачык каналдан суунун жана жерден топурактын үлгүсүн токсикологиялык лабораториялык изилдөөгө алды", - деп билдиришти мекемеден.
Мындан тышкары жашоочуларда жана балдарда кусуу, баш ооруу, өзүн жаман сезүү сыяктуу учурлар байкалбаганы кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: