Оштогу памирлик кыргыздар айдоочулук кесипке окуп жатышат

Белгиленгендей, алар жумушсуз жарандарга кесиптик билим берүүнү уюштуруунун алкагында окушууда. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кесиптерге, анын ичинде тигүүчүлүккө окутуу уюштурулган.
"Мындан тышкары башкармалык эмгек миграциясынан кайтып келген 15 аялга ашпозчу жана тигүүчү кесибин алууга жардам берди. Бул окутуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму менен биргеликте ишке ашырып жаткан мигрант аялдарды окутуу жана колдоо боюнча пилоттун алкагында уюштурулду", - деп билдиришти мекемеден.
Министрлик окутуулардын алкагында аялдарга стипендия берилерин кошумчалады.
Маалымат үчүн: 2019-жылы Ооган аймагынан 11 үй-бүлө көчүрүлүп келинген. Андан соң Алай районунун Сары-Могол айыл аймагындагы мектептин имаратына жайгаштырылган. Кийинчерээк Талды-Суу айылына 24-октябрда көчүрүлүп, атайын Памирден келгендер үчүн курулган үйлөргө жайгаштырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.