Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузган кыргызстандык сыйланды




Түркиянын Анталия шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орноткон кыргызстандык Венера Кожоева ТҮРКСОЙдун сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Азамат Абсаттаров билдирди.
Анын айтымында, сыйлыкты ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев тапшырды.
Венера Кожоева Түркияда ишкерлик менен алектенип, жыл сайын кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет.
“ТҮРКСОЙдун сыйлыгын алганыма кубанычтамын. Чынын айтканда, кыргыздын кызы катары Анталияда улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эстелигин каржылап, орнотууга салым кошконума кубанам. Жасаган иштеримди айткым келбейт.
Эстелик орнотууну консулдуктан айтышып, биз каржылап бердик. Башка өлкөдө, бөтөн жерде эстелик тургузуу да оңой эмес экен. Бирок биз аны жасадык. Мунун баары атамдан алган тарбиябыздын негизи жана кыргыздын кызы катары милдетим деп билем”, - деген Венера Кожоева.
