Бүгүн Оштун кээ бир жерлеринде электр жарыгы берилбейт
Бүгүн, 21-майда Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ош электр тармактары" ишканасынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын Кирпичный кичи районунда, Заводская 1, 2, 3, 4, 5, 5 А. Мамыров, Баялинов, Степной, УКМК, Алиев көчөлөрүндө. Жаңы автовокзал кичирайону, Жаңы-Турмуш айылында.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ош электр тармактары" ишканасы кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















