Өлкөдө кайсы сериядагы батирлер өзгөчө популярдуулукка ээ?
SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында өлкөдө жарандар арасында учурда популярдуу болуп жаткан сериядагы батирлер тууралуу сүйлөшүүнү туура көрдүк. Бул жаатта биздин суроолорубузга lalafo компаниясынын кыймылсыз мүлк категориясын өнүктүрүү боюнча менеджери Эрлан Асанов жооп берет.
- Өлкөдө кайсы сериядагы батирлер өзгөчө популярдуулукка ээ?
- Ар бир жарандын үйлүү болуу максаты негизги орунда турат эмеспи. Өзгөчө шаар жеринде жашагандар үчүн бардык шарты менен ыңгайлуу батирде жашоо – кыялдардын башкысы болуп саналат. Максаттарды орундатуу, албетте, капчыкка көз каранды. Батир тандоодо бюджеттик абал менен келечекке саресеп салуу кажет. Аны менен катар батир жайгашкан аймактагы мүмкүнчүлүктөр да таасир этет. Кардарлар койгон критерийлер менен тандап алууда ири жарнамалык сайттар жардамга келет. Анда өлкөдөгү батирлердин кайсы тиби кардарлардын талабына жооп берип жаткандыгын көрсөткүчтөр менен баамдап көрөлү.
lalafo жарнамалык сайты – батирди өз талабында тандап алууда эң ыңгайлуу тармактардын бири. Үстүбүздөгү жылы аталган сайтка жайгаштырылган жарнамалардагы 105 жана 106 сериядагы батирлер ыңгайлуу шарты жана наркы менен сатып алуучулардын купулуна толгон.
Кардарлардын 17,9 пайызы сатып алууда 105-сериядагы батирлерди тандашкан. Ал эми 17,6 пайыз жарандар 106-сериядагы үйлөрдү сатып алууга токтолушса, ушул эле сериядагы өзгөчөлөнгөн шарттары менен батирлерге 8,2 пайыз кардар ээлик кыла алган. Элиталуу батирлер да жарандардын купулуна толуп, артта калган эмес.
Өзгөчө суроо-талап күч сериядагы батирлердин пайыздык көрсөткүчү
- 105-сериядагы батирлер – 17,9 пайыз
- 106-серия – 17,6 пайыз
- Элиталуу батирлер – 15, 6 пайыз
- 104-серия – 12,3 пайыз
- Идивидуалдуу курулгандар – 9,2 пайыз
- 107-108-жана башка сериядагылар – 4 пайыздан жогору
- Учурда калк арасында популярдуу болуп жаткан батирлердин баасына токтолсок. Анын ичинде 105-сериядагы батирлердин баасы кандай болуп жатат?
- Өлкө ичинде сатып алуучулар арасында популярдуулукка ээ болгон 105-сериядагы батирлердин бир бөлмөлүүсү 2021-жылы 28 миң 400 долларды түзсө, 2024-жылы 47 миң 700 долларга чейин жогорулаган. Ал эми эки бөлмөлүү батирлер төрт жыл аралыгында 2 эсеге өсүп, учурда алардын баасы 66 миң 300 долларга чейин жетти. Ушундай эле өсүүнү 3 бөлмөлүү батирлерден да байкоого болот. Алардын наркы 2021-жылы 47 миң 300 доллар турса, быйыл 78 миң 400 долларга чейинки суммада бааланууда.
- Ал эми 106-сериядагы батирлердин баасычы?
- Алардын баасынын да өсүү темпи жылдан жылга жогорулап келет. 2021-жылы бир бөлмөлүүсү 31 миң доллар турса, үч жыл аралыгында 52 миң 400 долларга жеткен. Батирлердин эки бөлмөлүүсүндө да баалардын жогорулашы сезилерлик байкалган, алар төрт жылда 44 миң доллардан 70 миң 100 долларга чейин чыккан. Сатып алуучулар 2021-жылы үч бөлмөлүү батирлерди 54 миң доллардан сатып алышса, учурда алардын баасы 87 миң 300 долларга жеткен.
Батирлердин серияларына болгон көрсөткүчтөр lalafo жарнамалык сайтынан алынган.
lalafo – өлкө ичиндеги эң ири жарнамалык сайт болуп саналат. Анда жарандар миң түркүн багыттагы кызмат көрсөтүүлөргө ээ болууга шарттар бар. Турак жай, батир, унаа, үй тиричилигине керектүү буюмдар, жер тилкелерин сатып алууга жана сатууга кенен аянтча түзүлгөн. Мындан тышкары сонун мүмкүнчүлүк – жарандарды жумуш менен камсыздоо багыты. Сайттан жумушсуздар өз кесибин тандоого, жумуш берүүчүлөр жооптуу кызматкерлерди табууга жеңилдетилген багыттар бар. Ар бир багытты кардар табитке жараша тандап, критерийлерин белгилеп алуу менен жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү каралган.
кошулду
