super.kg logo

Борбор калаанын жолдорун оңдоо: Кайсы көчөлөр жабылды?  

 

Бишкек шаарында айрым борбордук көчөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жана Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Жукеев Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.

Бүгүн Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү Айтматов проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейинки тилке капиталдык оңдоо иштерине жабылды.

Мындан тышкары оңдоо иштерине байланыштуу жолдордун төмөнкү тилкелери жарым-жартылай тосулган:

- Манас айылы көчөсү Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;

- Коңорчок көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

- Матросов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин;

- Көкчө тоо чолок көчөсү Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

- Нарвская көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Бородин көчөсүнө чейин;

- Февраль көчөсү 8-март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;

- Керамическая көч. Аул көчөсүнөн мечитке чейин;

- 9-кичи району, түндүк тарабы 3б, 5б Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;

- Исаков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Эркиндик бульвары Жибек Жолу проспектисинен Абдумомунов көчөсүнө чейин;

- Ахунбаев көчөсү Шабдан баатыр көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: