"Ыйлаган учурларым да болду". "Алтын тамганын" ээси Сумая Абдуазизова менен маек
SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында билими менен ийгилик жаратып "Алтын тамганын" ээси болгон окуучу, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин тил багытындагы классынын бүтүрүүчүсү Сумая Абдуазизова менен маектештик.
Ал даярдык учурундагы кыйынчылыктары, кубанычы менен бөлүштү.
Сумая, "Алтын тамганын" ээси болуп отурасың, куттуктайбыз! Сезимдериң менен бөлүшүп өтсөң.
- Чоң рахмат. Албетте, өзүм эле эмес, мени менен кошо үй-бүлөм, мугалимдерим да кубанып турат. Алардын үмүттөрүн, эмгектерин актаганым үчүн өзүмдүн да кубанычымда чек жок.
Алгач өзүмө ишенген эмесмин, "мен албасам керек" деп ойлогом. Ошондуктан мен үчүн күтүүсүз да болду. Мындан кийин адам өзүнө ишениш керек экендигин түшүндүм.
- "Алтын тамгага" жетүү үчүн кандай эмгектер талап кылынды?
- Ага жетүү, чындыгында, оңой болгон жок. Эртеден кечке мектепте жүрчүмүн. Үйгө келсем деле сабактар менен алек болчумун. Дисциплинаны сактоо кыйынчылыкка турду. Кээде "мен дагы дем алышым керек" деп көп жолу окубай, телефонго кирип, оюндарга алаксып кетер элем. Андан сырткары ЖРТга да даярдануу керек болчу. Шүгүр, ошол эмгектерим акталды, бардык кыйынчылыктар артта калды.
- Даярдыкка канча убакыт кетти? Кимдер жардам берди?
- Биздин мектеп артыкчылык аттестатына тапшыруучу окуучуларга жыл сайын өзүнчө сабак өтөт. Даярдануу үчүн бир жыл убактым кетти. Мени менен кошо кыйналып, талбай эмгектенген мугалимдердин эмгеги чоң. Эртеден кечке бизге билим берем деп сүйлөп чарчап калышчу. Учурдан пайдаланып, мени ушундай деңгээлге жетүүмө себепкер болгон, билим берген Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин сүйүктүү мугалимдерине жана колдоо көрсөткөн үй-бүлөмө, досторума терең ыраазычылык билдирем.
Кошумчалай кетсем, башталгыч классты айылда окугам. Биринчи мугалимим Разия Акматова эжекеме аябай ыраазымын. Алгачкы билим пайдубалым бекем болгонуна эжекем себепкер. Азыр дагы өткөн сабактары эсимде .
- "Алтын тамгага" даярданган учурда кыйынчылыктар болдубу?
- Көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Алгач эле жалкоолукту жеңиш керек болду. Бир гана окууга көңүл бөлүүм талап кылынды. "Турмушта пайдасы деле тийбейт, алып эмне кылам?" деп ыйлагым келген учурлар болду. Кээде 3-4 саат эле уктачумун.
Азыр ойлосом, мен даярдануу аркылуу көп нерсеге тажрыйба топтоптурмун. Адамдын өзүнө эң керектүү сапат - дисциплинага үйрөндүм .
- Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет? Кайсы окуу жайга тапшырайын деп жатасың?
- 2019-жылдан бери Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде тил багытындагы класста окудум. Акыркы жылдары математика сабагына кызыгуум артты. Ошол себептен келечекте финансист болсомбу деген ниетим бар. "Ала-Тоо" эл аралык жогорку окуу жайына тапшырсамбы деген ниетим бар.
Учурдан пайдаланып, кийинки жылдын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик каалап кетейин.
Белгилей кетсек, өлкөдө 2023-2024-окуу жылы үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу "Алтын тамга" аттестациясынын жыйынтыгы боюнча 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду.
кошулду
