super.kg logo

Салык кызматы ишкерлерге акысыз контролдук-кассалык машиналарды бере баштады

 

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды акысыз бере баштады. 32 миң даана ККМ этап-этабы менен берилет. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Салык кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ККМди акысыз берүү аларды ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда, кичи базарларда иштеген жана патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

"ККМ алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: