Бишкекте Борбордук Азия үчүн Интерполдун аймактык кеңсесин ачуу маселеси талкууланды




Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Интерполдун президенти Ахмед Насер аль-Раисинин онлайн сүйлөшүүсү орун алды. Аны бүгүн, 29-майда министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Анда тараптар Бишкек шаарында Борбордук Азия үчүн Интерполдун аймактык кеңсесин ачуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле ИИМдин өкүлдөрүнүн Интерполдун штаб-квартирасында иштөө мүмкүнчүлүгү сүйлөшүлдү.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Интерпол Улуттук Борбордук бюросунун ишмердүүлүгү географиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жана ИИМдин кызматкерлеринин Интерпол эгидасы алдында эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган эл аралык долбоорлорго катышуусун активдештирүү менен белгиленүүдө.
Мындан тышкары ИИМдин Интерпол тарабынан Интерполго мүчө өлкөлөрдүн кесиптештери менен жумушчу мамилелерди түзүү жана бекемдөө, Интерполдун маалымат базасына интеграциялоо боюнча иштер күчөтүлдү. Бул өзүнүн жакшы жемиштерин берүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө тажрыйба алмашууну күчөтүү, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташуунун багыттары аныкталды.
Өз кезегинде Интерполдун президенти Аль Раиси өз ара аракеттенүүнүн чектерин мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.