"Окуйм деген балада акча жок". Депутат студенттерге жол кирени арзандатууну сунуштады
Жогорку Кеңешке келген жогорку окуу жайларынын студенттери Бишкектеги коомдук транспортко болгон 20 сомдук жол акы кымбат болуп жаткандыгын белгилешип, депуттарга кайрылган. Бул туурасында эл өкүлү Эльдар Абакиров жыйында сөз козгоп, мэрияга атайын студенттер үчүн жол акы бекитип берүү сунушун көтөрдү.
“Жогорку Кеңешке келген студенттер дароо эле эки сунуш берди. Алардын бири Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол акы. Студенттерге 20 сом оор болуп калды. Биз билим алып жүргөн учурда студенттер үчүн жеңилдетилген төлөмдөр болчу. Бишкекке чоң автобустар келди. Окуйм деген балада акча жок, аларга мүмкүнчүлүк берели да. Мэрияга сунуш кылалы, алар эсептеп чыгып, атайын студенттер үчүн баа бекитип берсин”, - деди ал.
Ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынан унаа менен 10-15 саат жол жүрүп, борборго окууга каттап жаткан студенттер үчүн авиабилеттер кымбат болуп жаткандыгын айтып, арзандатуу багытын карап чыгууну кошумчалады.
