“Башаламандыкка чыдабай колумду кескилеп жатам”. Журналист Актилек Капаров абактан кат жазды







Камалган 11 журналисттин бири Актилек Капаров Бишкектеги №1 тергөө абагынан кат жазып, колун кескилеп салгандыгын билдирген. Анын каты кесиптештери аркылуу “Азаттык” басылмасына келип түшкөн.
Актилек Капаров абакта 5 айдан бери жатып, суракка чакырылбагандыгын айтып, бул камоо анын журналисттик ишине байланыштуу болуп жаткандыгын билдирген.
“2023-жылдын август айынан бери Temirov Live жана «Айт Айт Десе» каналдарында иштебей калгам. Ал жактан чыккан тасмаларды көргөн да эмесмин. Бул камоону мен Министрлер кабинети Акылбек Жапаровдун туугандарынын катыштыгы бар компаниялардын мамлекеттик тендерлерди утуп жаткандыгы, ошондой эле Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаевдин 500 миллион сомго уткан тендери жөнүндө чыккан журналисттик иликтөөмө байланыштуу деп эсептейм”, - деп жазган катында.
Ошондой эле, журналист эч кандай күнөөсү жок экендигин айтып, абактан бошотуу менен куугундуктоону токтотууну талап кылган.
"Мындай башаламандыкка каршымын жана колумду кескилеп жатам",- деп жазган ал.
Журналист абакта отурган 5 ай аралыгында чоң энесинен ажырап, тергөөчүлөрдүн жана соттордун туура эмес чечиминен улам жайына топурак сала албай калгандыгын да катта белгилеп өткөн.
Эскерте кетсек, ушул жылы 16-январдын таңында кармалган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү Ички иштер министрлигине суракка жеткирилгени белгилүү болгон.
Ушул эле күнү ИИМ расмий билдирүү таратып, суракка алынып келинген 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынганын кабарлаган болчу. Министрлик "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров LIVE” медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасын каралып, анда Махабат Тажибек кызы менен кошо дагы сегиз журналист 13-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалышкан. Ал эми үч журналист ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

