ЖАК абактагы журналист Актилек Капаров боюнча маалымат берди

Жаза аткаруу кызматы тергөө абагындагы Актилек Капаров колун кескиледи деген маалымат боюнча комментарий берди.
Мекеме билдиргендей, интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Капаров Мааданбек (Актилек) Таалайбековичтин абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат.
"Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген.
Ошондой эле мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин ооз эки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартты. Ал боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт түзүлдү.
Аталган фактынын негизинде 30-майда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү келип айыпталуучу менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти.
Маалыматтык эсептөө журналына катталып, прокурордун көрсөтмөсү менен аймактар боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти мекемеден.
