Бишкекте Кыргызстан-Пакистан ТИМ делегациялары жолугушту
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы менен жолугушту.
ТИМ кабарлагандай, жолугушууда пакистандык тарапка чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы окуя тууралуу кеңири маалымат берилген.
Министрдин орун басары Имангазиев өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар өз убагында кабыл алынганын айтты. Ошондой учурда келечекте мындай окуялардын алдын алуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары Пакистан жарандарынын Кыргызстанда болуусу жана алардын өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу талкууланды.
Муну менен катар миграциялык маселелерди талкуулоо үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүү макулдашылды.
Өз кезегинде Пакистан ТИМнин кошумча катчысы Мухаммад Салим Кыргызстандагы Пакистан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда компетенттүү органдар тарабынан көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
