super.kg logo

Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясы качан жасалары айтылды

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Малатия шаарында боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты. Бул боюнча министрлик бүгүн, 30-майда билдирди.

Ал ошондой эле Түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Маалыматка ылайык, анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө.

Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өткөн жергиликтүү адистерден турган эки бригада да операция жасоого даяр.

Учурда алты бейтап жана алардын донорлору алдын ала даярдыктан өтүп, операцияны күтүп жатышат. Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында боор алмаштыруу боюнча операцияларын жасоо пландалууда.

«Кыргызстанда боорду алмаштырууга даярдык иштери аяктады. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет. Операциялар ушул жылдын 4-5-июнуна пландалууда», - деп белгиледи Бейшеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: