Баткенде Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Toyota Alphard унаасы аныкталды



Баткенде автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кызыл-Кыя автожол» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында бажы эрежелерин бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу максатында бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө Кыргыз жаранын башкаруусундагы Toyota Alphard үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.
Унааны текшерүүдө унаанын кузовундагы жана алдыңкы айнегинин астындагы идентификациялык номурлары (VIN) менен автотранспорт каражатынын каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлгөн номердин ортосунда дал келбестик бар экендиги аныкталган. Ошондой эле салондо Армениянын номердик белгилери табылган.
«Унаа» мамлекеттик мекемеси жана Армениянын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча транспорт каражатын каттоо жөнүндө маалымат жок болгон. Мындан улам мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 668 миң сомду түзгөн.
Топтолгон материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

