super.kg logo

Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн лекция окуду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров анда университеттердин өнүгүүсүнүн 4 модели, окутуунун кредиттик технологиялары жана академиялык эркиндик туурасында кенен токтолду. Ошондой эле ал студенттерге бизнес, бийлик жана илимдин биргелешкен аракети, илим, билим менен экономиканын байланышы туурасында айтып берди.

Мындан сырткары өкмөт башчы Ош шаарынын мектептеринин директорлору менен жыйын өткөрдү. Анда келечек муунду тарбиялоо, билим берүү жаатындагы инновациялык технологиялар туурасында кенен маалымат берди.

"Бизге келечекте окуучулар мектепти бүткөн соң төрт тилде эркин сүйлөгөн, бир өнөрдүн ээси, мекенчил жана адептүү болушу үчүн биргеликте активдүү аракеттерди көрүү зарыл", - деди Жапаров.

Ал учурда жасалма интеллект бардык тармактарда атаандаштык жаратып жатканын, келечектеги муун анын тилин жатка билиши керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: