super.kg logo

Жергиликтүү соттор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөттү

 

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жергиликтүү соттордун судьялары аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалымдалгандай, бул майрам күнү Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьялары Каракол шаарынын тургуну аз камсыз болгон, 8 баласы бар баатыр эненин үйүнө балдарды майрамы менен куттуктап белектерди тапшырып акчалай жардам көрсөтүштү.

"Мындан тышкары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялары жана кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык коргоо органдарында каттоодо турган көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн көчмө иш-чара уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Анын алкагында Бишкек шаарынын кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: